USAID программасы аркылуу мектептерге китептер берилди

Автор

Өлкөдөгү 1681 мамлекеттик мектепке АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) программасы аркылуу АКШ өкмөтүнөн “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында 1 млн 790 миң 30 даана балдар китептери берилди.
№21 орто мектепте өткөн расмий тапшыруу аземи Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына арналган.
Билим берүү министрлигинин маалыматында,
USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору өлкө боюнча 1681 мектептин 450 миңден ашуун башталгыч класстын окуучуларынын арасында окуу жана математика боюнча окуу жетишкендиктерин жакшыртууга багытталганы, долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жатканы айтылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Өлкө башчынын маалымат жыйыны өтпөйт

Президенттин адатка айланган жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны болбой калды. Анын маалымат катчысы Аскат Алагазов билдиргендей, президенттин декабрь айында жооугушуулары көп болгондуктан бош убактысы жок. Анын аймактык жана чет өлкөлүк иш сапарлары декабрь айына пландалган. Өлкөнүн айрым маселелери жана аткарылган иштер 15-16-декабрда өтүүчү Элдик Курултайда айтылышы мүмкүн. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн