reklam
reklam
hava 10° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9857 % % 0
EURO 31,1701 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.846,31 % % -1,09
ÇEYREK A. 3.018,71 % % -1,09
BITCOIN 1.219.414 % -4.686
Соңку кабар
reklam
Google News

1 миң 600дөн ашык студент кыз ууланды

Son Güncelleme :

06 марта 2023 - 12:01

reklam
1 миң 600дөн ашык студент кыз  ууланды
reklam

Ирандын ар кайсы шаарларында 1600дөн ашык студент кыз белгисиз газга ууланды. Алардын 29у стационардык дарыланууда, калгандары амбулатордук дарыланууга чыгарылган.
Акыркы үч айда уулануу учурлары Кум, Буружерди, Тегеран жана Ардебил шаарларындагы 70тен ашуун университетте катталган.
Иран парламентинин саламаттыкты сактоо комитетинин мүчөсү Захра Шейх өлкө боюнча уулангандардын саны 1657ге жеткенин билдирди.
Бул боюнча иштеп жаткан Парламенттик Билим берүү, изилдөө жана технология комиссиясынын төрагасы Алириза Монади Сефидан тесттин жыйынтыгында окуу жайларда колдонулган газда N2 (азот) табылганын билдирген.
Ирандын билим берүү жана тарбия министринин орун басары Юнус Пенахи өзгөчө кыздар мектептеринин жабылышын каалагандар аныкталганын айтты.
Өлкө башчысы 1-мартта ички иштер министри Ахмед Вахидини, чалгындоо министри Исмаил Хатибди жана саламаттыкты сактоо министри Бахрам Эйнуллахиге ууланган окуяларды иликтөөнү дайындаган.

reklam