1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү

Автор

Бүгүн 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Балдарга камкордук жасоо демилгеси 1949-жылы Парижде өткөн аялдардын Демократиялык федерациясынын эл аралык конгрессинде көтөрүлүп, ал биринчи жолу 1950-жылы салтанат менен белгиленген.

Балдардын укугун коргоо боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун алдында ЮНИСЕФ балдар фонду да дүйнө жүзү боюнча балдарды коргоо жана кам көрүү боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өлкө аймактарында жана Бишкек шаарында балдарга арналган иш-чаралар, салтанаттар уюштурулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 1 – июнга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.6  сомдон  болсо, сатуу  88.1  сомго   чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87.59 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн