Орозо айтта эмне кылуу керек?

Автор

Орозо айт мусулмандардын эң чоң эки майрамынын бири. Мусулмандар бул майрамды алдын-ала даярданып күтүшөт.
1. Орозо айтка чейин чейин сөзсүз түрдө фитр-садаканы берип, кутулуу керек. Анткени фитр-садака рамазан айына гана тиешелүү. Өзүңүздүн садакаңызды жардамга муктаж инсандарга бергениңиз дурус.
2. Орозо айтка чейин денени толугу менен жууп, гусл алуу зарыл. Бул майрам-мусулмандардын майрамы. Жан дүйнөңүз менен кошо сырткы денеңизди да тазалаңыз.
3. Орозо айт майрамдык намазды окуу менен башталат. Жамаат менен окула турчу орозо айт намазына катышуу эркектер үчүн – фарз.
4. Айт намазга сүннөт боюнча бир жол менен барып, башка жол менен келген жакшы.
5. Бул күнү чоң майрам болгондуктан эң жакшы кийимдерди кийүү керек. Үйдү дагы тазалап, кооздоо жакшы жөрөлгө.
6. Бири-бирине белек берсе болот. Пайгамбарыбыздын “Бири-бириңерге белек бергиле, сүйүүңөр артсын” деген хадисине амал кылалы.
7. Дасторконго эң жакшы даамдарды коюп, бири-бириникине конокко барып, конок тоскон жакшы.
8. Адатта кыргыз элинде айт майрамдарында сөзсүз түрдө боорсок даярдалат.
9. Көптөн бери катташпай жүргөн дос-туугандардын амандыгын сурап, ооруп жаткан адамды зыярат кылуу керек.
10. 30 күн бою орозо кармап, организмди, акыл-эсти тазалап, напсини башкарып алган соң ушундай темп менен 1 жыл бою кийинки Рамазан айына чейин аман-эсен жеткирүүнү Аллахтан көп-көп сурап, дуба кылуу зарыл.
«Умма» ислам журналы

Бөлүшүү:
Next Post

Айрым чайларды сатууга тыюу салынды

Белоруссияда «Принцесса Канди» жана “Гита” чайларын сатууга тыюу салынды. Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Александр Тарасенко Россиядан келген пакетке салынган чайдын төрт түрүн өлкө аймагында сатууга тыюу салды. Тиешелүү буйрукка республиканын саламаттыкты сактоо министринин орун басары кол койду. Беларустун санитардык инспекциясынын адистери россиялык продукцияда микробиологиялык коопсуздук талаптарынын бузулушун катташкан. Учурда департамент […]

Сизге жагышы мүмкүн