Калкты социалдык жактан коргоого 62,7 млн сом бөлүнөт

Автор

2024-жылга Кыргызстанда социалдык коргоого 62,7 млн сом бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик бюлджеттин олуттуу салымы калкты социалдык жактан коргоого жумшалат. 2021-жылы калкты социалдык жактан коргоого 35,8 млрд сом бөлүнгөн болсо, 2024-жылы бул максатттарга каралган каражаттар кыйла өсүү динамикасы менен 62,7 млрд сомду түзүүдө.
Белгиленгендей, Кыргызстандын бюджетинин бардык чыгашаларынын жарымынан көбүн жумушсуздук, социалдык камсыздоо, оору, майыптык, жесирлик, карылык же өзүнө көз каранды болбой калган жагдайлардан улам, эне жана бала, башталгыч жана орто мектептерде акысыз милдеттүү билим алуу жана башка социалдык максаттарга бөлүнгөн чыгашалар түзөт.
Социалдык жактан коргоого чыгашалардын жылдан жылга көбөйүүсү пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоого жана мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөнүн өлчөмүн үн жогорулоосуна байланыштуу.

Бөлүшүү:
Next Post

Мохамед Салах: Шахмат мага футбол ойноого жардам берет

Египеттин футбол командасынын жана Англиянын «Ливерпуль» командасынын алдыңкы чабуулчусу Мохамед Салах шахматты өзүнүн башкы хоббиси деп эсептейт. Ал эми оюн талаасында ага жардам берерин айтты “Биринчиден, мен шахмат ойногонду жакшы көрөм. Экинчиден, мен дээрлик күн сайын ойнойм”, – деди египеттик Мерсисайд клубунун расмий сайтына берген маегинде. Ошол эле учурда “Ливерпулдун” […]

Сизге жагышы мүмкүн