Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Автор

“Сосновка” посттунда жана Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кар жаап, аба-ырайынын өзгөрүүсүнөн улам, Чүй облусунун “Сосновка” посттунда жана Талас облусунун өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди.
Андыктан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы алыскы жолго чыккан айдоочулардан жолго чыгаарда алдын ала мерчемдеп, аралыкты сактап, ылдамдыкты азайтып, баардык коопсуздук эрежелерин так сактоону өтүнөт.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору кайтарылып алынды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоору кайтарып алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын маалыматына караганда, буга чейин мамлекет башчысы өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда кызуу талкууланган маселелердин бири Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” […]

Сизге жагышы мүмкүн