ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору кайтарылып алынды

Автор

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоору кайтарып алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын маалыматына караганда, буга чейин мамлекет башчысы өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда кызуу талкууланган маселелердин бири Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору болду.
“Жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматын угуп жана аталган мыйзам долбоору боюнча алардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен бул мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгууну тапшырды”, – деди Алагөзов.

Бөлүшүү:
Next Post

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө 7 млрд сом каралган

2024-жылдын күз-кыш мезгилине карата иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүүгө 7 млрд сом суммасында каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен 29-февралга карата төмөнкү иш-чараларга 1,7 млрд сом каржыланган: “Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” беренеси боюнча “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына жылуулук энергиясын субсидиялоого 1,7 млрд сом каралган. Алардын ичинен “Кыргызжылуулукэнерго” […]

Сизге жагышы мүмкүн