Өрттөн жүздөн ашык адам көз жумса, 1100 үй кыйрады

Автор

Чилидеги токой өртүнөн жүздөн ашык адам көз жумганы, 1100 үй кыйрап калганы кабарланды. Өлкөнүн президенти Габриэль Борич улуттук телекөрсөтүү аркылуу жарандарга кайрылып, өрттүн жайылышына каршы күрөшүп жаткан куткаруучулар менен кызматташууга чакырды. Президент өрт тез жайылып жатканын, климаттык шарттар, жогорку температура, катуу шамал жана төмөнкү нымдуулук тилсиз жоону көзөмөлдөөнү кыйындатып жатканын билдирди.
Өлкөнүн түштүгүндө ушул аптада жогорку температура болуп, 92 токой өртү катталган. Эң оор абал Вальпараисо аймагында. Ал жерде тургундарга тез арада үйлөрүн таштап кетүү жагы эскертилген. Ички иштер министрлигинин башчысы төрт оорукананы жана үч карылар үйүн эвакуациялоого туура келгенин, эки автобекет күйүп кеткенин билдирди. Мамлекет башчысы Вальпараисодо өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялады.

Бөлүшүү:
Next Post

Дзюдо боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Дзюдо боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, биринчилик 10-11-февраль күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин спорт комплексинде өтөт. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат. Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат: кыздар арасында — 48, […]

Сизге жагышы мүмкүн