Бүгүн Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кесиптик күнү

Автор

Кыргызстанда бүгүн, 20-декабрда Улуттук коопсуздук тармагында иштегендердин күнү белгиленет. Бул дата 2007-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген.
Чекисттерди кесиптик майрамы менен мамлекет башчы Садыр Жапаров куттуктап, өлкөдөгү бейпилдикти сактоодо алардын эмгеги зор экенин билдирди.
Эгемендиктин алгачкы жылдары бул орган Улуттук коопсуздук кызматы, андан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет деп аталган.
Кыргызстан эгемен болгон алгачкы жылдардан тартып атайын кызматты Герман Кузнецов, Анарбек Бакаев, Валерий Верчагин, Фелик Кулов, Мисир Ашыркулов, Таштемир Айтбаев, Болот Жанузаков, Калык Иманкулов, Мурат Суталинов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Шамил Атаханов, Бейшенбай Жунусов, Бусурманкул Табалдиев башкарган.
УКМКнын азыркы жетекчиси – Камчыбек Ташиев.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин куттуктады

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери менен ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: “Урматтуу улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери! Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Сиздер мамлекеттин коопсуздугу менен аймактык бүтүндүгүн ички-тышкы коркунучтардан коргоо милдетин так аткаруу үчүн күн-түн дебей […]

Сизге жагышы мүмкүн