ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу бар

Автор

Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

 

Кар көчкү коркунучу бар тилкелер:

 

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу);

 

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымы (Чоң-Ашуу ашуусу);

 

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымы (Сөөк ашуусу).

 

Кара-Гөө ашуусунун 60-94-чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

 

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 

ӨКМ кырсык катталган учурда 112 номерине чалуу керектигин эскертет, чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык боксчулар Бишкекте өткөн эл аралык мелдеште 23 медаль жеңди

Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Спорттук иш-чара 21-25-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Белорусь жана Түштүк Кореянын спортчулары катышты.   Боксчулар 48, 51, 54, 57, […]

Сизге жагышы мүмкүн