ӨКМ сел жүрүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сел жүрүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Министрликтин билдирүүсүнө таянсак, 2023-жылдын 12-14-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Аттокуров Чүй районунун акими болуп дайындалды

Алмаз Аттокуров Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришкендей, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон. Буга чейин Аттокуров Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болгон. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн