Мурдагы депутат Камчыбек Жолдошбаев кармалды

Автор

«Беш-Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү салык төлөөдөн качуу жана алдамчылык менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылаййык, козголгон кылмыш ишинин алкагында «Беш-Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев тарабынан уюштурулган (Аталган фирма- Ош базарынын аймагында эки соода үйүнө ээ жана көмүр жеткирип турат), өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун механизмдерин аныкталды. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жетекчиликтин көрсөтмөсү менен «Беш-Сары» ЖЧКсынын администрациясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсепке алуу иштерин жүргүзүп келгени аныкталган. Ижара келишимин түзүүдө формалдуу түрдө төмөндөтүлгөн сумма белгиленген, ал эми иш жүзүндөгү наркы расмий түрдө көрсөтүлгөндөн бир нече эсе жогору болгон. Реалдуу баанын өлчөмү соодагерлер үчүн сезилээрлик деңгээлде байкалып, бул базарда сатылып жаткан товарлардын кымбатташына да алып келген.
«Ошондой эле, «Беш-Сары» ЖЧКсынын бухгалтериясы салыктык отчеттуулук документтеринде соода жайлары үчүн алынган пайданы жасалма түрдө төмөндөтүп, салык органдарына жалган маалыматтарды берип келген. Мисалы: Иш жүзүндө ижарачы «Беш Сары» ЖЧКнын администрациясына 1 соода түйүнү үчүн 16 100 сом төлөйт, бирок келишим боюнча төмөндөтүлгөн сумма – 9600 сом деп көрсөтүлүп турат, андан сырткары фискалдык органдар үчүн отчеттук документтерде– 4800 сом башка сумма көрсөтүлгөн, башкача айтканда алынган пайданы төмөндөтүү 280% га жакынды түзөт»,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Инфаркты кантип алдын алса болот?

Адамдар эмне үчүн көбүнчө түнү инфаркт илдетине чалдыгышат? Анын жөнөкөй түшүндүрмөсү бар. Денеде 5-7 литр кан, анын бир бөлүгү суу болот. Кандагы суу азайганда кан коюланат. Ушундан улам таңкы 3-6 арасы жүрөк инфаркт алат. Жүрөк дарыгерлери инфарктын алдын алуу үчүн жатаар алдында 2 стакан суу ичип жатууну сунуштайт. Ошондой эле […]

Сизге жагышы мүмкүн