ӨКМ: Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 17-18-январь күндөрү күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

Алар:

Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында Чапчыма ашуусу;
Красная-Горка–Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстанда ракка каршы дарылар чыгарылат

2021-жылдын ноябрында ошол кездеги саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой Швейцарияга болгон иш сапарынын алкагында Казакстанда онкологиялык дарыларды өндүрүүнү караган стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Roche компаниясы менен алкактык келишимге кол койгон. Дары ушул жылдын экинчи жарымында чыгарыла баштаары белгилүү болду. Ракка каршы дарыларды өндүрүү Алматы фармацевтикалык фабрикасы “Нобель” акционердик коомунун базасында түзүлөт. […]

Сизге жагышы мүмкүн