Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол курулат

Автор

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол курулат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Айланма жол куруу зарылдыгы Бишкек-Ош жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол кыймылынын көптүгүнөн улам келип чыкканы белгиленген.
Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүү, Өзгөн шаарынын участогундагы Бишкек – Ош авто жолунда жол кыймылын азайтуу, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 9, 10-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын жол инфраструктурасын өркүндөтүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында автомобиль жолдорун куруу жана тейлөө эң маанилүү багыт болуп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо боюнча иштерди жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2024-жылдын 30-январына чейинки мөөнөттө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу маселесин иштеп чыгуу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Неймар 2024-жылы Америка Кубогуна катышпайт. Себеби

Бразилиялык чабуулчу Неймар 2024-жылкы Америка Кубогуна катышпайт. Бул тууралуу Улуттук кураманын дарыгери Родриго Ласмар билдирди. Октябрь айында 31 жаштагы футболчунун тизесинин кайчылаш байламы үзүлүп, андан кийин ага операция жасалган. Калыбына келтирүү мезгили болжол менен он айга созулат. “Неймардын талаага кайтып келиши жөнүндө айтууга али эрте. Ашыкча тобокелчиликке баруусуна эч кандай […]

Сизге жагышы мүмкүн