Өзгөндө жер көчтү түштү

Автор

Кечээ Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер көчкү аталган тилкедеги 18 турак үйгө коркунуч жаратып, үйлөргө 300 м аралык калган.

«Жер көчкү 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. Буга чейин да 2022-жылдын 5-сентябрында КР ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги сунушталган. Учурда айыл өкмөт тарабынан турак үйлөрдүн тургундарын коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазариповдун жетекчилигинде Ош облустук башкармалыгынын башчысы, Мониторинг департаментинин орун басары, райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы иш алып барууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын муфтийи ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев кыргызстандыктарды ыйык Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктады. Муфтий өз куттуктоосунда Ыйык Курани Карим Рамазан айында түшө баштагандыгын, бул куттуу ай – Куран айы экендигин эске салган. “Миң түндөн артык болгон Кадыр түн да ушул берекелүү Рамазан түндөрүндө катылган. Кадыр түн образдуу айтканда Курандын “туулган […]

Сизге жагышы мүмкүн