Кыргызстан менен Кытай 12 макулдашууга кол койду

Автор

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында бир катар келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык кызматташуу программасы;
  2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосундагы санариптик экономика чөйрөсүндө инвестициялык кызматташууну тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” (3-фаза) долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн протоколу;
  4. Бишкек жана Чэнду шаарлары ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди орнотуу тууралуу келишим;
  5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен China Construction Bank Corporation ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  6. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен “Hebei Jinsheng Mining Engineering Co., Ltd” компаниясынын ортосундагы “Тегене” көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө макулдашуу;
  7. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Томирис-Кен» ЖЧКсынын ортосундагы «Сүлүктү талаа-11» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
  8. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Kashi Shunbaofu Trade and Еxport Trade Corporation» кытай компаниясынын ортосундагы «Торугарт 1» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
  9. Ош облусунун Алай районунда жайгашкан «Эркечтам» кыргыз-кытай унаа чек арасына жакын жер тилкесинде ленталык конвейердик логистикалык көмүр борборун биргелешип куруу боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашуу;
  10. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «Goldwind Science and Technology Co., Ltd» компаниясы ортосундагы Кыргыз Республикасында кубаттуулугу 3 ГВт чейин шамал электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;
  11. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «Molin Energy Company Limited» компаниясы ортосундагы Кыргыз Республикасында күн электр станцияларын куруу жөнүндө макулдашуу;
  12. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин жана «Delong Steel Group Co., LTD» ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
Бөлүшүү:
Next Post

Окумуштуулар Айдын жашын аныкташты

Окумуштуулар Айдын жашы эң аз дегенде 4,46 миллиард жыл экенин, мурда ойлогондон 40 миллион жыл улуу экенин аныкташты. Изилдөөлөр Geochemical Perspectives Letters журналында жарыяланды. Окумуштуулар 1972-жылы Аполлон 17 миссиясы учурунда табылган Ай тектеринин үлгүсүн атомдук зонд томографиясынын жардамы менен изилдешкен. Алар Айдын ичинде табылган минералды изилдеп, атомдордун 3D картасын түзүшкөн. […]

Сизге жагышы мүмкүн