Ош облусунда 50дөн ашуун балдар бакчасы ачылат

Автор

2023-жыл ичинде Ош облусунун аймагында 50дөн ашуун балдар бакчасы ачылып, колдонууга берилет. Бул тууралуу облустагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, онлайн тартипте жумушчу кеңешме өткөрүлүп, Дүйнөлүк Банктын каржылоосунда Ош облусунун аймагында ачыла турган 136 кыска мөөнөттүү бала бакчалардын, 2023-жыл ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ачыла турган республикалык, муниципалдык жана жамааттык 50 бала бакчанын курулуштарынын, капиталдык оңдоодон өткөрүлүшү боюнча маалыматтары эске алынып, бир катар тактоочу суроолор берилип, жооптор алынды.

Андан сырткары, балдардын жайкы эс алуусуна даярдыктын жүрүшү боюнча РМАлардын жетекчилери да маалыматтарын, балдардын жайкы эс алуусун жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча сунуш пикирлерин беришти.

Бөлүшүү:
Next Post

УКМК: Энергетика министринин орун басары кармалды

Энергетика министринин орун басары М.Ж. (Жакыпов Мирлан Мустафаевич) жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С. кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.   УКМК тарабынан Энергетика министрлигинин, анын карамагындагы “Кыргызкөмүр” МИнин, “Ысык-Көл кемечилиги” жана Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүүчү пункту филиалдарынын кызмат адамдарына карата Бишкек шаарындагы ЖЭБге багытталган көп миллиондук […]

Сизге жагышы мүмкүн