Өзбекстанда күчү 4,2 баллга жеткен жер титирөө болду

Автор

Өзбекстанда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:13тө күчү 4,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сейсмикалык болжолдоо боюнча республикалык борбору билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Навои облусунун Хатырчы району болгон. Тереңдиги 10 километр болгон. Жер титирөөнүн очогунан Ташкентке чейинки аралык түштүк-батыш багытында 306 километр.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте дагы 50 автобус линияга чыкты

Бишкекте кошумча 50 автобус линияга чыкты. Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чаралар калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын негизинде графиктин сакталышын көзөмөлдөө жана автобустардын ортосундагы бекитилген интервалды – 7-8 мүнөт сактоо максатында көрүлдү. Ыкчам маалыматка таянсак, бүгүн, 13-декабрда эртең менен борбор калаада 450 автобус жана 115 троллейбус ишке чыккан. Жума ичинде дагы 60 […]

Сизге жагышы мүмкүн