Япония дүйнөдөгү бешинчи Ай державасы болуп калды

Автор

Япониянын Smart Lander for Investigating Moon (Slim) космостук аппараты Айдын бетине ийгиликтүү конду. Бирок инженерлер энергетика системасындагы көйгөйлөрдөн улам миссия бир нече саатка гана созулушу мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Басылманын маалыматы боюнча, белгисиз себептерден улам аппараттын күн батареялары электр энергиясын өндүрбөй калды. Батареялар түгөнүп калса, Slim менен байланыш үзүлөт.
Аппарат Айга ийгиликтүү конгондон кийин Япония Жердин табигый спутнигине жумшак конгон АКШ, СССР, Кытай жана Индиядан кийин бешинчи өлкө болуп калды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кызматынан дагы бирөө кол жууду

Ош облусунун губернаторунун орун басары Зарлык Тургунбаев кызматынан кол жууду. Анын ордуна Ильяз Ташбаев дайындалды. Тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Кызматтан кеткен орун басар облус жетекчисинин көздөй адамы экени айтылып келет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн