Олжас Бектенов Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды

Автор

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Олжас Бектеновду премьер-министрликке дайындоону Мажилиске (парламенттин төмөнкү палатасы) сунуштады. Өлкөнүн парламенти анын талапкерлигин жактырды. Токаев жаңы премьер-министрди дайындоо боюнча жарлыкка кол койду. Аталган кызматка 43 жаштагы Бектеновдун талапкерлигин президентке бийликтеги «Аманат» партиясы сунуштаган.
2023-жылдын апрелинен тарта Олжас Бектенов президенттик аппаратты, ага чейин Юстиция министрлигинде Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгын жетектеп келген.
5-февралда Казакстандын президенти Алихан Смаилов жетектеген өкмөттү отставкага кетирген. Ал 2022-жылдын 11-январынан бери премьер-министрлик кызматты аркалап келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте быйыл ысык сууну өчүрүү мөөнөтүн узартылат

Бишкекте быйыл ысык сууну өчүрүү мөөнөтүн узартуу пландалып жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде “Бишкекжылуулуктармагынын” башчысы Уран Райымбеков билдирди. Анын айтымында, тармактагы мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана жоюу бир топ убакытты талап кылат. “Быйыл 20-апрелден тарта сууну өчүрүп, оңдоо иштерин жүргүзүүнү карап жатабыз. Өчүрүү мөөнөтү 30-40 күнгө созулат. Бул жабдуулардын эскиришинен улам […]

Сизге жагышы мүмкүн