ЮНИСЕФ: Жер которгон балдардын саны 43,3 миллионго жетти

Автор

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) 2022-жылдын аягына чейин жер которгон балдардын саны 43,3 миллионго жеткенин билдирди.
Уюмдун аткаруучу директору Кэтрин Рассел  «Жер которгон балдардын санынын көбөйүшү бүткүл дүйнөдөгү чыр-чатактар, кризис жана климаттын өзгөрүүсү менен шартталган кырсыктар менен байланыштуу»,-деген билдирүү жасады. Баяндамада Украинадагы согуш 2 миллион баланы мажбурлап, 1 миллион баланын өлкө ичинде жер которгондугу белгиленди.
Отчетто 43,3 миллион баланын 60 пайызынын кагылышуу жана зомбулуктун натыйжасында жер которгондугу, башпаанек издеген балдардын санынын 17,5 миллионго жеткени белгиленди.
Судандагы кагылышуулардан улам буга чейин 940 миң баланын жер которууга аргасыз болгондугу белгиленген отчетто аба ырайынын кескин өзгөрүшүнүн да миллиондогон бала ушундай абалга туш болгону белгиленди.

Бөлүшүү:
Next Post

“Акылман” президенттик лицейи түзүлдү

Президент Садыр Жапаров “Акылман” Президенттик лицейи жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.   Окуп жаткандардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын өзгөчө зээндүү балдарын колдоо жана дем берүү үчүн зарыл шарттарды түзүү билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.   Бүткүл […]

Сизге жагышы мүмкүн