Эч кимди билбейм, эч кимди тааныбайм деди

Автор

Республикалык бюджет былтыр 505 млрд менен кабыл алынганын бирок, аны быйыл 557 млрд менен жыйынтыктап жатышканын УКМК төрагасы билдирди. “Мурда бул акчалар кайда болгон билесиздерби? Мурда сол чөнтөккө кетип турган. Урдашкан, алар милициядан баштап, сотун, прокурорун керек болсо, УКМКнын кызматкерлерин да сатып алып койгон”,- деди актив менен жолугушуу учурунда. “Эч ким “кыңк” деп айталган эмес. Бажы 38 млрд араң топтогон. Бүгүнкү күнү 102 млрд топтоп жатабыз. Салык 60 млрд сомго зорго жеткизген. Бүгүн 120 млрд топтоп жатабыз. Уурулук кылгандар менен салыкты төлөбөгөндөрдү катуу жазалап жатабыз. Мен күч структуранын башчысы катары эч кимди билбейм, эч кимди тааныбайм, эч ким менен дос эмесмин”,- деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Айпери Медет кызы  Олимпиадага жолдомо үчүн  күрөшөт

Бүгүн, 19-сентябрда Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында балбан кыз Айпери Медет кызы күрөшөт. Айпери Медет кызы таймашты квалификациялык айлампадан баштап, биринчи атаандашы румыниялык Каталина Аксенте болот. Алгачкы беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат. Эскерте кетсек, Айпери Медет кызы күрөшкөн 76 кг салмак олимпиадалык болгондуктан, ал дүйнө чемпионатын […]

Сизге жагышы мүмкүн