Эртең  триатлон боюнча мелдештер өтөт

Автор

Эртең, 2-июлда “ VISA TRIATHLON-2023” мелдештери Бишкектин жанындагы «Хижина Дяди Тома» эс алуу борборунда өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Триатлон федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 6.40тан 14.00гө чейин боло турган бул спорттук иш-чарада профессионал жана ышкыбоздор күч сынашат. Ага Кыргызстандан жана коңшу өлкөлөрдөн 200гө жакын адам катышат.

Спорттун түрлөрү:

«Спринт» дистанциясына (кирет: 750 м сүзүү, андан кийин 20 км велосипед тебүү, анан кайра 2,5 км чуркоо): өспүрүмдөр, параатлетчилер, ышкыбоздор.

Эстафета – үч адамдан турган команда (сүзүүчү, велосипедчи жана жөө күлүк).

Суперспринт аралыкта (300 м сууда сүзүү, 8 км велоспорт жана 2 км чуркоо) U-15 категориясындагы спортчулар (12-15 жаштагы балдар) медалдар үчүн күч сынашат.

Бөлүшүү:
Next Post

80 жаштагы атактуу актер пенсияга чыгууга шашылбайт

Голливуд актёру Харрисон Форд июль айында 81 жашка чыгат. Бирок,  атактуу актер жакында жаңы блокбастери “Индиана Жонс жана тагдыр дөңгөлөгү” жана “Терапия” комедиялык сериалын тартып бүттү. Ал эми 2024-жылга анын “Marvel Studios”  тарабынан пландалган эки тасмасы бар. Жакында эле кино ардагери CNN телеканалынын көрсөтүүсүнө чыгып,  “пенсияга чыгууга убакыт келдиби?” -деген […]

Сизге жагышы мүмкүн