Эртең көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 28-мартта түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Жалал-Абад облустарында жаан катуу жаайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23,

Баткенде түнкүсүн +9…+14, күндүз +18…+23,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +12…+17.

Бишкекте эртең кечке жуук бираз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +21…+23 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Какао данынын тоннасы тарыхта биринчи жолу 10 миң долларга жетти

26-марттагы аукциондо какао дандарынын тоннасы 10 030 долларды түздү. Мындай баа тарыхта биринчи жолу белгиленди. Баалардын көтөрүлүшүнө дүйнөдө какаонун 70 пайызы өндүрүлгөн Батыш Африкадагы татаал аба ырайы себеп болду. Аймактар акыркы убакта катуу жамгыр, кургак ысык жана оорулардан жапа чегишти. Эл аралык какао уюмунун ноябрь айындагы отчетуна ылайык, 2023-жылдын аягында […]

Сизге жагышы мүмкүн