Какао данынын тоннасы тарыхта биринчи жолу 10 миң долларга жетти

Автор

26-марттагы аукциондо какао дандарынын тоннасы 10 030 долларды түздү. Мындай баа тарыхта биринчи жолу белгиленди.
Баалардын көтөрүлүшүнө дүйнөдө какаонун 70 пайызы өндүрүлгөн Батыш Африкадагы татаал аба ырайы себеп болду. Аймактар акыркы убакта катуу жамгыр, кургак ысык жана оорулардан жапа чегишти. Эл аралык какао уюмунун ноябрь айындагы отчетуна ылайык, 2023-жылдын аягында нөшөрлөп жааган жамгыр жана эки өлкөдө кара кабык оорусунун жайылышы айыл чарбасына таасирин тийгизген. Мындан тышкары жолдун начардыгы да какао буурчакты портко ташууну кыйындаткан.
Натыйжада дүйнө жүзү боюнча шоколаддын баасы кескин көтөрүлөрү күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык ок атуучулар Бразилияда өтчү дүйнө кубогуна катышат

Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча улуттук курама командасы Рио-де-Жанейро шаарында (Бразилия) өтө турган Дүйнө кубогуна катышат. Мелдеш 11-20-апрель күндөрү өтөт. Курама команданын тизмеси: – Асхат Токмоков; – Арууке Талантбекова; – Каныкей кубанычбекова; – Имандос Бектенов. Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучу Мэри Юсупова жана башкы машыктыруучу Забида Ырсалиеванын жетекчилиги алдында мелдешке […]

Сизге жагышы мүмкүн