Мелис Мураталиев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды

Автор

Каныбек Осмоналиев КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Осмоналиев Каныбек башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду”, – деп айтылат маалыматта.
Президент кол койгон тескемеге ылайык, Мелис Мураталиев КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды

Бөлүшүү:
Next Post

Бразилия Гаитиге эл аралык миссияны чакырды

Бразилия өкмөтү эл аралык коомчулукту БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2023-жылдын октябрындагы резолюциясына ылайык Гаитиге тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүүгө чакырды. 4-мартта Гаитинин борбору Порт-о-Пренсте абактан миңдеген туткун качканына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды. 3-мартта куралдуу топтор Гаитинин Порт-о-Пренстеги башкы түрмөсүнө кол салып, туткундарды бошотушкан. Эртеси өлкө бийлиги борбор калаада өзгөчө кырдаал жана коменданттык […]

Сизге жагышы мүмкүн