Эртең Бишкектин айрым райондоруна таза суу берилбейт

Автор

Эртең, 4-апрелде Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, эртең саат 9:00дөн 24:00гө чейин Л.Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковского, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрү, “Жумушчу шаарчасы”, “Айыл чарба институту”, “Ак-Өргө”, “Ак-Ордо” конуштары (Ахунбаев көчөсүнөн түндүк жагы), “Теңир-Тоо” конушу (Ахунбаев көчөсү) менен чектешкен аймакта суу болбойт.
Суу берүү «Гагарин», «Юго-Западный» суу алгычтарындагы жана шаардык суу тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бир кыргыз жараны жабыркады

Татарстандын Елабуга шаарына учкучсуз учак кол салып, натыйжада, 13 студенттин жабыркаганы айтылды. Алардын арасында бир Кыргызстандык бар. Кечээ, эркин экономикалык аймактагы завод жана жатакана аткыланган. Жараат алган студент Казань шаарындагы балдар ооруканасына которулганын тышкы иштер министрлиги маалымдады. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн