ӨКМ айдоочуларга кайрылды

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 15-17-декабрь күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундаа, тактап айтканда, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
ӨКМ кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болгондорду «112» ыкчам номерине чалуу керектигин билдирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Иран 32 өлкөнүн жарандары үчүн визаларды жойду

Иран өкмөтү Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан баш болгон 32 өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин жокко чыгарууну чечти. «Туризм министрлигинин айрым өлкөлөр үчүн визаларды жоюу сунушу өкмөт тарабынан жактырылды. Визаны бир тараптуу алып салуу бүгүн өкмөттүн жыйынында жактырылды. Ислам Республикасы дүйнөнүн ар тарабынан келген адамдарга эшигин ачып, биздин өлкөгө оңой зыярат […]

Сизге жагышы мүмкүн