Эртең Бишкекте кышкы туристтик сезон ачылат

Автор

Эртең,14-декабрда «Бишкек Арена» шаардык муз тебүүчү аянтчасында Кыргызстанда 2023-2024-жылдарга кышкы туристтик сезондун расмий ачылыш аземи болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарада коньки тебүү, муз акробатикасы, хоккей чеберчилигин көрсөтүү, популярдуу ырчы-бийчилердин катышуусунда концерттик программа менен коштолуп, катышуучулар арасында өнөктөштөрдүн ар кандай байгелүү сынактары уюштурулат.
Иш-чараны Туризм департаменти Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда, спорт жана оюн-зоок мекемелеринин колдоосунда «Шаардык муз тебүүчү аянтча» комплекси жана башка уюмдар менен биргеликте уюштурууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат Таалайбек Сарбашов боюнча ушактарга кесиптеши чекит койду

Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов боюнча тарап жаткан ушакка депутат Эмил Жусупов чекит койду. Белгилүү журналист Ыдырыс Исаков маектешинен “сиз Таалайбек Сарыбашов мэр болуп турганда Алайдагы жана Бишкектеги үйлөрүн салып, ири унаа мингизген экенсиз. Ал киши да, сизден 200 миң доллар доолап, офисиңизде үстөлдү ургулаган экен, ушул чынбы”,- деген […]

Сизге жагышы мүмкүн