Көп кабаттуу үйдүн сүрдүрүлүп жатканы кайрадан айтылды

Автор

Бишкектеги Элебаев-Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн сүрдүрүлүп жатканы Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 14-февралындагы жалпы жыйынында айтылды.
Депутат Нуржигит Кадырбеков мындай сүрдүрүлө турган үйлөрдөн 38 даана бар экенин айтып, жалпы 10 миң адам көчөдө калаарын билдирди. “Мен билем соттордун үйү жогу болбосо керек. Алар эң жакшы үйлөрдө жашашат. Бирок, ошончо адам көчөдө калса, жакшыбы”,- деди. Ошондой эле депутат элдер ооз ачып жатканда электр энергиясын өчүрүп жаткандарга күндүзү өчүрүүнү суранды.

Бөлүшүү:
Next Post

Окуучуну сабап салган директорго чара көрүү сунушталды

Ош шаарында окуучуга кол көтөргөн мектеп директоруна чара көрүүнү бүгүн, 14-мартта парламенттин жалпы жыйынында сунушталды. Бул тууралуу депутат Коргонбай Жусупбек уулу “Ош шаарындагы Ломоносов атындагы орто мектептин директору Динара Алмаматова 9-класстын окуучусу Ахмат кызы Даткайымды классынан сүйрөп чыгып, туура эмес форма кийип келгенсиң деп коридордо сабап салыптыр. Билим берүү министрлиги, […]

Сизге жагышы мүмкүн