Эртең Бишкекте кулпунай фестивалы өтөт

Автор

Эртең Бишкекте кулпунай фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын мөмө өстүрүүчүлөр ассоциациясынан кабарлашты.

 

Фестивалга келген меймандар ар кандай сорттогу мөмө-жемиштин даамын татып көрүшүп, аларды өстүрүү, ар кандай азыктарды, татымдарды, ширелерди алуу жолдору менен таанышып чыгышат.

 

Иш-чара ишемби, жекшемби (20-21-майда) күндөрү Айыл чарба министрлигинин имаратынын алдында саат 15:00дөн 22:00гө чейин өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Калашникова камакка алынды

Туризмди өнүктүрүү фондунун директору Елена Калашникова жанан орун басары Александр Валитов камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул боюнча аталган кызматтан билдиришти. Белгилүү болгондой, туризмди өнүктүрүү боюнча өлкө казынасынан 1 млрд сом бөлүнгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында каражаттар максатсыз пайдаланылганы, сол чөнтөккө солонгону аныкталган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн