Эртең Бишкекте айрым көчөлөр жабылат

Автор

Эртең, 17-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери менен мектеп окуучуларынын катышуусунда жөө жүрүш өтөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Жөө жүрүш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында айдоочуларды жол эрежелерине көңүл бурдуруу максатында өткөрүлөт.

 

“Буга байланыштуу саат 10:00дөн 12:00гө чейин Сүйөркулов көчөсүнөн чыгышты карай Малдыбаевдан тартып, Байтик баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү, анан Байтик баатыр көчөсүнүн бир тилкеси менен түштүктү карай Сүйөркулов көчөсүнөн тартып, А.Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат”, — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Асад: АКШнын гегемониясына каршы коалиция зарыл

“АКШнын дүйнөдөгү гегемониясына каршы туруу үчүн өлкөлөрдүн коалициясы зарыл, бул жагынан Россия менен Кытай өзгөчө жоопкерчиликке ээ”,-деди Сириянын президенти Башар Асад РИА Новостиге берген маегинде. “СССР кулагандан же Корей согушунан бери жок дегенде отуз жылга созулган америкалык агрессияны токтото турган бир дагы мамлекет жок деп айта албайбыз. Ар кандай ыкмалар […]

Сизге жагышы мүмкүн