Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун эстелиги ачылды

Автор

“Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Эл акыны, ll жана lll даражадагы Манас орденинин ээси, залкар акын Омор Султановдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов, жазуучулар, акындар, көрүнүктүү маданият ишмерлери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жана жакындары катышты.

Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган. Ал “Сен жөнүндө поэма”, “Чарчоонун жүзүнчү ыры” чыгармаларынын, “Улуу дайра”, “Аралдар арасында”, “Мухитке жол” китептеринин автору. Султанов — кыргыз адабиятындагы өзгөчө акын. Ал өткөн кылымдын 60-жылдарында салттуу ырды чанбай, салттуу кыргыз ырын эң мыкты өздөштүрүп туруп эле кыргыз поэзиясы үчүн жаңылык болгон эркин ырды да мыкты жазууга болорун көрсөткөн.

Улуттук кино өнөрүндө да анын салымы бар. “Кыргызфильм” киностудиясында ал жазган адабий текстке негизделип “Ак куулар конгон айдың көл” аттуу көркөм тасма жана “Төкмө”, “Жазуучу” деген даректүү фильмдер тартылган.

Омор Султанов узакка созулган оорудан улам 2022-жылдын апрелинде 87 жаш курагында дүйнө салган.

Бөлүшүү:
Next Post

Көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө кубогу өтөт

Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу КР Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев билдирди. «Спорттук иш-чара үч форматта өтүп, ага сегиз мамлекеттен 12 клубдар катышат. Биринчи форматта Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку лигасында ойногон төрттөн сегиз клубу катышат. Анда Кыргызстандан «Сары-Өзөн», «Достук», «Ынтымак», «Мурас» клубдары ойнойт. […]

Сизге жагышы мүмкүн