Кыргызстандагы чыгармачыл союздар үчүн 20 млн сомдон бөлүнөт

Автор

Кыргызстандагы чыгармачыл союздарга долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 20 млн сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ведомствонун өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылдагы ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары каралган коллегияда министр Алтынбек Максутов Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев, Театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулмамбетов, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев жана Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушов менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө чыгармачыл союздардын көйгөйлөрү көтөрүлүп, анын ичинен имарат, китептин ички мазмундары, гонорардык система сыяктуу маселелер жана аларды чечүү жолдору талкууланды.
Министр Алтынбек Максутов мамлекеттин казынасынан ар бир союзга 20 млн сом акча каражаты каралып жатканын, ага ылайык, ар бир тармак долбоорлорду даярдап келүү тапшырмасын берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: «Кымбаттуу мекендештер! Сиздерди Мекен коргоочулар күнү менен чын дилимден куттуктайм. Бул күндү салт болуп калгандай эле аскер кызматкерлери гана эмес, көкүрөгүндө Мекен деген аруу сезим жашаган жамы журтубуз жалпы өлкө боюнча белгилешет. Биз бул […]

Сизге жагышы мүмкүн