Эрсин Татар, КИПРдин президенти: “Кыргызстан биз үчүн абдан кымбат”

Автор

КИПР Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар  Азербайжан зыяратынан кийин Кыргызстанга келди. Ал Манас Кыргыз-Түрк Университетинин, “Түрк дүнүйөсүнүн инженерлер бирлигинин” жана “Экоавразия фондунун” колдоосу менен уюштурулган “Кыргызстанда энергетикалык инвестицияны өнүктүрүү жана колдоо” деп аталган Эл аралык конференцияга катышуу үчүн келген.

Белгилүү журналист Сейфуллах Түрксойго берген кыска маегинде, “биз КИПРдык түрктөр Түрк дүнүйөсүнүн Ак-Деңиздеги уландысыбыз. Тарыхый ата мекенибиз болгон Кыргызстан жылуу маанайда тосуп алды. Өлкөнүн президенти Садыр Жапаровго жана Кыргыз элине ыраазычылыгымды билдирем”,- деген.

Эрсин Татар конференцияда сөз сүйлөп жатып, “бүгүн мен үчүн тарыхый күн. Бизди жылуу маанайда тосуп алган ата журтубуз Кыргызстанда, Бишкекте, Манас Кыргыз-Түрк Университетинде жана Теңир Тоонун койнунда сиздер менен жолугушуп отурганга аябай толкунданып турам. Кыргызстан биз үчүн аябай кымбат өлкө. 11-ноябрь 2022-жылы урматтуу президент Садыр Жапаров бизди КИПР мамлекетин Түрк тилдүү өлкөлөрдүн уюмуна байкоочу катары катышуу сунушун берген. Биз бул үчүн аябай ыраазычылык билдиребиз”,- деп кошумчалаган ал.

Сейфуллах Түрксой журналист

Бөлүшүү:
Next Post

Соодагерлер Горький гүлбагына акцияга чыгышты

Бүгүн, 5-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакка соодагерлер Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы нааразылык акцияга чыгышты. Алар патент системасын калтырууну талап кылышууда. Акцияга “Дордой Моторс” базарында жана Бишкектеги гүл саткан дүкөндөрдө иштеген  соодагерлер катышып жатат. Учурда митингдин катышуучуларына Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Мурат Осмонов келгендиги айтылды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн