Соодагерлер Горький гүлбагына акцияга чыгышты

Автор

Бүгүн, 5-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакка соодагерлер Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы нааразылык акцияга чыгышты. Алар патент системасын калтырууну талап кылышууда.

Акцияга “Дордой Моторс” базарында жана Бишкектеги гүл саткан дүкөндөрдө иштеген  соодагерлер катышып жатат.

Учурда митингдин катышуучуларына Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Мурат Осмонов келгендиги айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

ДССУ: Газада ооруканалардын саны кыскарды

Чыр-чатактын курчушуна байланыштуу Газа тилкесинде иштеп жаткан ооруканалардын саны 36дан 18ге кыскарды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына таянуу менен билдирилди. Бул кыскаруу 60 күнгө жетпеген чыр-чатактын ичинде катталган. Иштеп жаткан 18 оорукананын үчөө биринчи жардамды гана көрсөтөт, калгандары өзүнчө кызматтарды көрсөтөт. Учурда иштеп жаткан кээ бир мекемелер […]

Сизге жагышы мүмкүн