Эрмек Маркабаевдин соту жылдырылды

Автор

Казакстандын Талды-Корган облусунда камакта жаткан Эрмек Маркабаевдин соту 27-октябрга жылдырылды. Алмата облусунун Каскелен райондук соту соттук отурумду онлайн түрүндө жүргүзүп жатат. Аны менен жолугушуу укугуна жактоочусу, келинчеги жана агасы ээ. Алматадагы тарапташтары маалымдагандай, Эрмек Маркабаевдин абалы жакшы.

Ал үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда Алмата облустук полициясы тарабынан кармалган. Кармоо учурунда полиция кызматкерлери наркотикалык затты чөнтөгүнө салып жатканы видеого түшүп калган. Ал Алматадагы “Алтын-Орда” базарынын директорунун орун басары болгон. Өткөн жумада Жогорку Кеңештин “Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев анын бошотулушун талап кылса, депутат Балбак Түлөбаев Казакстандын президенти Касым – Жомарт Токаевге кат жазган.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУга 78 жыл: Дүйнөлүк биримдикке болгон үмүттүн символу

Бүгүн, 24-октябрда  Бириккен Улуттар Уюмунун күнү!   БУУ 1945-жылы Уставынын күчүнө кирген жылдыгын белгилейт. Уюм расмий түрдө бул фундаменталдык документти анын катышуучуларынын көпчүлүгү, анын ичинде Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсү ратификациялоо менен түзүлгөн. Бириккен Улуттар Уюмунун мыйзамдуулугу, бириктирүүчү күчү жана ченемдик таасирине ээ болгон башка эл аралык уюм жок. Башка эч […]

Сизге жагышы мүмкүн