Кыргызстанда буудайдын көлөмү жетиштүү

Автор

Кыргызстанда буудайдын көлөмү жетиштүү, кооптонууга негиз жок. Бул тууралуу  Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эртеңден баштап КР ӨКМге караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 40 миң тонна буудай даны кампадан чыгарылат.

Ошондой эле, ун рыногундагы абалды турукташтыруу боюнча министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык, Айыл чарба министрлиги, ун өндүрүүчү ассоциациялары жана тиешелүү мамлекеттик органдары менен биргеликте ун азыктарын өз баасында сатуу боюнча жарманкелерди уюштурду.

Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкелердин дареги:

“Ош” базары;

“Аламедин” базары (“Табылга” соода борборунун аялдамасы);

“Орто-Сай” базары (“Оберон” бөлүмүнүн кире бериши);

“Дордой фут” базары.

Бөлүшүү:
Next Post

Украина президентинин Вашингтонго сапары: Ак сарай жылуу тосуп алды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтонго сапарын аяктады. Ак сарайда президент Жо Байден менен жолугушуу болду. Бул эки президенттин алтынчы жеке жолугушуусу жана Зеленскийдин Ак үйгө үчүнчү сапары. Жолугушуудан кийин Байден Американын Украинанын коопсуздугу жана көз карандысыздыгы үчүн узак мөөнөттүү милдеттенмесин баса белгиледи. «Эркиндиктин келечеги жөнүндө болуп жаткандыктан Америка мындан эч […]

Сизге жагышы мүмкүн