Эрдоган Түркиянын жаңы конституциясын кабыл алуу пландарын жарыялады

Автор

Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган Түркияда жаңы конституция кабыл алынышы керек деп билдирди.
Эрдогандын айтымында, жаңы конституцияны иштеп чыгуу жана кабыл алуу анын администрациясынын алдында турган негизги милдеттердин бири. Өлкөнүн Негизги Мыйзамынын үстүндө иштөөдө түрк партияларынын сунуштары каралат.
Түрк президенти эгерде ал кийинки президенттик мөөнөткө кайра шайланса, анда анын өлкөсү толук өзгөрүүнү күтөрүн билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Кадыр Кошалиев УТРКдан кетти

Курманбек Бакиевден интервью алган журналист Кадыр Кошалиев өзү жазган арызынын негизинде УТРКдан кетти. Бул тууралуу Улуттук каналдын соцтармактагы баракчасына жарыяланды. “Улуттук телерадиокорпорациясынын 1-каналынын кабарчысы Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган интервьюсу коомчулукта кызуу талкуу жаратып, түрдүү пикирлердин жаралышына себеп болду. УТРКнын этика жана тартип комиссиясы атайын иликтөөлөрдү жүргүзүп жаткан. […]

Сизге жагышы мүмкүн