Кадыр Кошалиев УТРКдан кетти

Автор

Курманбек Бакиевден интервью алган журналист Кадыр Кошалиев өзү жазган арызынын негизинде УТРКдан кетти. Бул тууралуу Улуттук каналдын соцтармактагы баракчасына жарыяланды.

“Улуттук телерадиокорпорациясынын 1-каналынын кабарчысы Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган интервьюсу коомчулукта кызуу талкуу жаратып, түрдүү пикирлердин жаралышына себеп болду. УТРКнын этика жана тартип комиссиясы атайын иликтөөлөрдү жүргүзүп жаткан. Бирок корутунду чыга электе өз каалоосу менен кызматтан кетти”, — деп айтылат маалыматта.

Кабарчы аталган маекти корпорациянын жетекчилиги менен макулдашпай, өзүнүн жеке демилгеси менен тартып келгени белгиленди. Ошондой эле берүүнү эфир аркылуу көрсөтүү пландалбаганы айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Космоско жыгач спутник учурулат

Киото университетинин илимпоздор тобу жана япондук жыгач иштетүүчү Sumitomo Forestry стартапы жыгач орбитада туруктуу материал болушу мүмкүн экенин, космостун өнүгүүсүндө бурулуш болорун жарыялады. Өнөктөштук 2020-жылы жарыяланган. МКСга жиберилген үлгүлөр Кибо модулуна жайгаштырылып, ал жерде он айга жакын калган. Өткөн аптада жыйынтыктар чыкты. Бул абдан чоң ийгилик болду. Окумуштуулар келерки жылдын […]

Сизге жагышы мүмкүн