Эрдоган Илон Маскты чакырды

Автор

Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Нью-Йоркто X (мурдагы Twitter) социалдык тармагынын жетекчиси Илон Маск менен жолугуп, өлкөнүн өнөр жайына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.
“Президент Тайип Эрдоган Тесла жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маскты Нью-Йоркто кабыл алды… Тесла продукциясынын… Түркия рыногуна киришине байланыштуу Эрдоган компанияны Түркияда жетинчи заводун ачууга чакырды”,-деп айтылат президенттик аппараттын байланыш бөлүмүнүн билдирүүсүндө.
Жетекчиликтин айтымында, Эрдоган Маскты Измирде өтө турган Teknofest технология фестивалына чакырып, Digital Türkiye концепциясы жана улуттук жасалма интеллект стратегиясы тууралуу сөз кылды.
Буга чейин Эрдоган Маск менен БУУнун Башкы ассамблеясына катышуусунун алкагында Нью-Йоркто жолугушуу өткөрөрү кабарланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Ректор кетти, ордуна чуркагандар көп

Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык Университетинин ректору Чаткалбай Райымбаев мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматтан кеткен. Учурда ректорлук кызмат ордуна ат салышкандардын катары калыңдап, Акүй менен Көкүйдүн эшигин каккылагандар аябай көбөйдү. Мындайда депутаттар да аралашып, жэк-жаатын дайындатуу үчүн чуркап жүргөнү андап көп экени айтылууда. Университеттин жамааты өз арызы менен кызматтан кеткен […]

Сизге жагышы мүмкүн