Ректор кетти, ордуна чуркагандар көп

Автор

Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык Университетинин ректору Чаткалбай Райымбаев мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматтан кеткен. Учурда ректорлук кызмат ордуна ат салышкандардын катары калыңдап, Акүй менен Көкүйдүн эшигин каккылагандар аябай көбөйдү. Мындайда депутаттар да аралашып, жэк-жаатын дайындатуу үчүн чуркап жүргөнү андап көп экени айтылууда. Университеттин жамааты өз арызы менен кызматтан кеткен ректорун алкап отурганы менен эми кандай адам дайындалып келээр экен дешип, кабатырланганы маалымдалды. 15 жылдап өз ордунда отурган башка ректорлорго Чаткалбай Райымбаевдин аракети коомдо өрнөк катары көрсөтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

"Мурас Юнайтед" футболдук клубу Кыргызстандын Кубогун утуп алды

Кыргызстандын футбол боюнча 2023-жылдагы Кубогун Жалал-Абаддын “Мурас Юнайтед” футболдук клубу утту.   Финалдык беттеш кечээ Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Башкы байге үчүн беттеште Премьер-лиганын дебютанты “Мурас Юнайтед” өлкөнүн учурдагы чемпиону канттык “Абдыш-Ата” клубун 2:1 эсебинде артта калтырды. Бул жеңиш “Мурас Юнайтед” клубуна 2024-жылы Кыргызстандын Супер кубогу үчүн беттеште […]

Сизге жагышы мүмкүн