Президентке импичментти утурлай иликтөө башталды

Автор

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын комитеттери президент Жо Байденге импичмент жарыялоо боюнча добуш берүүнүн ыктымалдуулугунун  алдында расмий иликтөө башташты.
Бул чечим АКШ президентине каршы коррупция боюнча айыптоолорго байланыштуу.  АКШ Конгрессинин төмөнкү палатасынын спикери Кевин Маккартинин айтымында, акыркы бир нече айдын ичинде АКШ парламентиндеги республикачылар бул жаатта олуттуу жана ынанымдуу далилдерди аныкташкан.
Республикачылар май айында Байдендин үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү жана алар менен байланышкан адамдар буга чейин чет өлкөдөн компаниялар тармагы аркылуу миллиондогон доллар алганы тууралуу далилдерди алышканын айтышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 13-сентябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 88.35 сомдон  болсо, сатуу  88.44 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88.39 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн