Эрдогандын атаандашы качкындарды чыгарууну убадалады

Автор

Түрк оппозициясынан президенттикке талапкер Кемал Кылычдароглу эгер мамлекет башчы болуп шайланса, бардык качкындарды өлкөдөн депортациялоо демилгесин көтөрүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Саясатчынын айтымында, Түркиядан чыгарыла турган качкындардын саны 10 миллионго жакын адамды түзөт.
Түрк оппозиционеринин айтымында, өлкө азыр олуттуу миграциялык кризисте жана Анкарада миллиондогон качкындарга колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Түркиядагы миграциялык кризис үчүн жоопкерчиликти Кемал Кылычдароглу Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайып Эрдоганга ачык эле жүктөдү.
14-майда Түркияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасында Режеп Тайып Эрдоган 49,51%, Кемал Кылычдароглу 44,88% добуш алган. Буга байланыштуу шайлоонун экинчи айлампасы 28-майга дайындалды.

Бөлүшүү:
Next Post

“Манас” аэропортунда 2,2 млн сомдук мыйзамсыз  “ROLEX” сааттары аныкталды

Бажы кызматкерлери «Манас» аэропортунан 2,2 млн сомдон ашык аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан кол сааттарды аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, сааттар Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарынан келген аба жүктөрүнөн табылган. «ТСКД» ЖЧКсынын дарегине «ROLEX» соода маркасынын 5 бирдик жана «PATEK PHILIPPE GENEVE» соода маркасынын 1 […]

Сизге жагышы мүмкүн