“Манас” аэропортунда 2,2 млн сомдук мыйзамсыз  “ROLEX” сааттары аныкталды

Автор

Бажы кызматкерлери «Манас» аэропортунан 2,2 млн сомдон ашык аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан кол сааттарды аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сааттар Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарынан келген аба жүктөрүнөн табылган.

«ТСКД» ЖЧКсынын дарегине «ROLEX» соода маркасынын 5 бирдик жана «PATEK PHILIPPE GENEVE» соода маркасынын 1 бирдик оригинал кол сааттары келген.

КРСоода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын актысына ылайык, кармалган товарлардын орточо базар баасы 2 млн 292 миң сомду, ал эми тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 460 миң 462 сомду түздү.

Факт тиешелүү органдарга катталып, материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Муфтий жаңы дайындоолорго кол койду

Кыргызстандын муфтийи чет элде иштеп, жашаган Кыргызстандыктар үчүн айрым өлкөлөрдө муфтияттын өкүлчүлүгүн ачты. Ага ылайык Абдышүкүр Нарматов Орусиянын Азия бөлүгү боюнча өкүлү болуп дайындалды. Орусиянын Европа бөлүгү боюнча Самидин Атабаев, Сауд Арабиядагы өкүлү Абдували Акматов, Мисирдеги өкүлчүлүгүнө Акылбек Тагаев жана Иорданиядагы өкүлү болуп Элдияр Көбөнов дайындалышты. Муфтий Замир кары Ракиев […]

Сизге жагышы мүмкүн