Эне жөнүндө сөз

Автор

Өмүр деген кереметти бизге тартуу кылган эне. Эненин касиетинен улам биз жарык күн менен баарлашып, нурга оронуп, ырыс-кешиктүү болдук. Ошондуктан “Эне” деген сөз “Жарык күн” деген маанини туюндуруп келет.

Энелердин керемет аурасы бар. Балпайган ак чач энелердин жанына барып калсак мээрмандыкты, айкөлдүктү, жылуулукту, кең пейилдикти туямын. Мемиреген аруу бейпилдикке туш келгендей боломун. Кыялымдан шашкалактап күрү-күү түшкөн турмуш агымы оолактап кетет. Кандайдыр бир түбөлүктүү дүйнө менен баарлашып калгандай сезем өзүмдү.  Ылайым, балпайган  ак чач энелер жергебизде көп болсо экен.

Эгемберди Эрматов

Эне сыйлаган элине жагат:

Бейиш энелердин таманында (Хадис)

Эне — ажалга дайыма каршы (М.Горький)

Эне бар кезде балалыктан арылуу жок (С. Жейет)

Улуттун келечеги энелердин колунда. (О. Бальзак)

Бөлүшүү:
Next Post

Кытай Кыргызстанга 42.6 млн доллар каражат бөлөт

Кыргызстандын бийлиги менен Кытай Элдик Республикасынын ортосунда акысыз жардам көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлду. Макулдашууга ылайык, Кытай тарап Кыргызстанга 42.6 млн доллар каражат бөлөт. Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, эки өлкөнүн ортосундагы техникалык – экономикалык кызматташтыктын алкагында артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант бөлүнөөрү айтылган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн