Кытай Кыргызстанга 42.6 млн доллар каражат бөлөт

Автор

Кыргызстандын бийлиги менен Кытай Элдик Республикасынын ортосунда акысыз жардам көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлду. Макулдашууга ылайык, Кытай тарап Кыргызстанга 42.6 млн доллар каражат бөлөт. Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, эки өлкөнүн ортосундагы техникалык – экономикалык кызматташтыктын алкагында артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант бөлүнөөрү айтылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Туңгуч президент жубайы менен келди

19-майдан 20-майга караган түнү Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев жубайы менен Ак-Жол өткөрмө постунан Бишкек шаарына келди. Бул боюнча өздүк булатканыбызга жүргүнчүлөр кабарлашты. Алар кайсы жакка багыт алганы боюнча маалымат берилген жок. Божомолдорго караганда, алар Кемин районуна кетишкен. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн