Энергетика тармагына эки эсе көп каражат бөлүнөт

Автор

2024-жылы энергетика тармагына эки эсе көп каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, энергетика тармагын жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн 2024-жылга 2023-жылга бөлүнгөн каражатка (33,2 млрд сом) салыштырмалуу 40,7 млрд сомго көбөйүү менен 74,0 млрд сом өлчөмүндө каражат каралды.
Алар:
– “Электр станциялары” ААК жана “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө – 55,8 млрд сом;
– күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүүгө – 7 млрд сом өлчөмүндө;
– бюджеттик кредиттерди бөлүүгө – 2,7 млрд сом;
– мамлекеттик инвестициялык программалардын алкагында 8,1 млрд сом суммасында, ошондой эле башка иш-чараларды ишке ашырууга каражат каралган.

Бөлүшүү:
Next Post

Габриэль Гарсиа Маркестин жарыкка чыга элек жаңы романы чыгат

Дүйнөгө белгилүү жазуучу Габриэль Гарсиа Маркестин жарыкка чыга элек жаңы романы быйыл чыгат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда. Маалыматка ылайык, атактуу жазуучунун урпактары анын жарыкка чыга элек “Биз сени август айында көрөбүз” романын келерки 2024-жылдын жазында классиктин каза болгонунун 10 жылдыгына карата чыгарышат. Бул Мексикадан башка бардык испан тилдүү […]

Сизге жагышы мүмкүн