Нурланбек Шакиев АКШнын сенатору Гэри Питерс менен жолугушту

Автор

Бүгүн, 21-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Америка Кошмо Штаттарынын сенатору Гэри Питерс менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы саясий-экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңеш АКШнын Конгресси менен ар тараптуу алаканы арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп: “Сиздин бул иш сапарыңыз мындан аркы байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзүп, парламенттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө көмөкчү болот деген ишеничтемин. Анткени, мамлекеттер аралык алаканы өнүктүрүүдө, парламенттердин салымы өтө чоң”, – деди.

Муну менен катар соода-экономикалык мамилелерди да алдыга жылдыруу артыкчылыктуу багыт экенин айткан Нурланбек Шакиев билим берүү да жаатында кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгына токтолду.

“Биздин жарандар, айрыкча жаштар АКШнын алдыңкы окуу жайларынан билим алууга ынтызар. Андыктан, тиешелүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, виза алуу шарттарын жеңилдетүү маселесине көңүл бурууга чакырам”, – деп кошумчалады төрага.

Өз кезегинде Америка Кошмо Штаттарынын сенатору Гэри Питерс жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле мамлекеттер аралык байланышты, парламенттер ортосундагы кызматташтыкты талкуулоо үчүн Борбор Азия мамлекеттерине жасаган бул иш сапары Кыргызстандан башталганын баса белгиледи.

“АКШ Кыргызстан менен байланышты өнүктүрүүгө ар дайым кызыкдар. Ага ылайык, бул жолугушуубузда көтөрүлгөн бардык сунуш-пикир биз үчүн өтө маанилүү”, – деди сенатор.

Бөлүшүү:
Next Post

22-августка карата аба ырайы

Эртең, 22-августта Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.   Абанын температурасы:   Чүйдө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35,   Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37,   Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28,   Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, […]

Сизге жагышы мүмкүн