Габриэль Гарсиа Маркестин жарыкка чыга элек жаңы романы чыгат

Автор

Дүйнөгө белгилүү жазуучу Габриэль Гарсиа Маркестин жарыкка чыга элек жаңы романы быйыл чыгат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, атактуу жазуучунун урпактары анын жарыкка чыга элек “Биз сени август айында көрөбүз” романын келерки 2024-жылдын жазында классиктин каза болгонунун 10 жылдыгына карата чыгарышат.
Бул Мексикадан башка бардык испан тилдүү өлкөлөрдө чыгарылат. Аны англис, француз, немис жана араб тилдерине которуу пландалууда.
Романда жыл сайын 16-августта апасынын мүрзөсүнө зыярат кылып, маркум менен болгон сезимдерин бөлүшүп турган аял сүрөттөлөт. Маркес ден соолугуна байланыштуу бул китепти аягына чыгара албай калган. Жазуучу каза болгондон кийин роман 10 жылдай Техас университетинин архивинде сакталып турган.
Жыйнактын үзүндүсү 2014-жылы испаниялык “La Vanguardia” басылмасы тарабынан жарык көргөн .

Бөлүшүү:
Next Post

Сырдын ден соолукка пайдалары

Сыр ден соолукка абдан пайдалуу. Бул организмдин саламаттыгын сактоо үчүн зарыл болгон белоктун, кальцийдин, витаминдердин жана минералдардын эң сонун булагы. Сырдын курамындагы протеин жаңы клеткаларды калыбына келтирүүгө жана курууга, булчуңдарды бекемдөөгө жана иммундук системаны колдоого жардам берет. Сырда кальций сөөктөрдүн жана тиштердин дени сак болушуна салым кошот, ошондой эле нерв […]

Сизге жагышы мүмкүн